Мазмунга өтүү

C++

Википедия дан
C++.

C++ — компилешүүчү, статикалык типтештирилген жалпы максаттагы программалоо тили.

Жол-жоболук программалоо, объектке багытталган программалоо, жалпы программалоо сыяктуу программалоо парадигмаларын колдойт. Бай стандарт китепканасы кеңири тараган контейнерлер жана алгоритмдер, киргизүү-чыгаруу, туруктуу сөз айкаштары, көп агымдуулукту колдоо жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ. C++ жогорку даражадагы жана төмөнкү даражадагы тилдердин өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат. Мурдагы C тилине салыштырмалуу мында объектке багытталууга жана жалпы программалоого көп көңүл бурулган.

C++ эң таанымал программалоо тилдеринин бири болуп эсептелип, программалык камсыздоо иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Анын колдонуу чөйрөсүнө операциондук системдерди, түрдүү колдонмо программаларды, т��змөк драйверлерин, курулуучу системдер үчүн колдонмолорду, жогорку өндүрүмдүү серверлерди жана ошондой эле, көңүл ачуу колдонмолорун (оюндарды) түзүү кирет. C++ тилинин бекер дагы, коммерциялык дагы жана түрдүү платформалар үчүн дагы көптөгөн таралыштары бар. Мисалы, x86 платформасында GCC, Visual C ++, Intel C ++ Compiler, Embarcadero (Borland) C++ Builder жана башкалар бар. C ++ биринчи кезекте Java, C# жана башка программалоо тилдерине чоң таасирин тийгизген.

C ++ синтаксиси C тилинен калган. Иштеп чыгууда негизги принциптердин бири - С менен шайкештикти сактоого болгон. Ошентсе да, C ++ C'нин нак кеңейтилген варианты эмес; C'нин дагы C++'тын дагы компилярлары бирдей трансляциялаган программалар көп, бирок C'ге программанын бардык өзгөчөлүктөрү кирбейт.